• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда мас абалында унаа башкаргандардын саны 38%га азайды

Коом 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Ушул жылдын 8-мартынан баштап күчүнө кирген жаңы эрежелерге ылайык, өлкө аймагында мас абалында унаа башкаргандардын саны бир топ азайган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Жакынкы үч жылдын 9-мартынан тартып, 12-мартына чейинки үч күндүн жыйынтыгына талдоо жүргүзө турган болсок; 2021-жылдын үч күн ичинде 180 мас айдоочу аныкталган. 2022-жылдын үч күнүндө 247 мас айдоочу. Ал эми 2023-жылдын үч күн ичинде 152 мас айдоочу аныкталган.

"Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тарта өлкө аймагында мас абалында унаа башкаргандардын саны 38 пайызга азайып жаткандыгын байкоого болот", - деп билдиришти ЖКККББдан.

Эскерте кетсек, мурда мас абалында унаа башкаргандарга 17 миң 500 сом айып салынчу, азыр жаңы эрежеге ылайык, мас айдоочулар бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Кайталап жасаган учурда үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Пикир

Оставить комментарий