• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эми мас айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан тартып мас абалында унаа башкарган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы өлкө боюнча 12 миң 106 мас айдоочу, 2022-жылы 13 миң 734 мас айдоочу кармалган.

“Айдоочулар айыппулун төлөп кайра мас абалында рулга отуруп жатат. Ошондуктан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдөбүз. Биздин максат айыппулдардын өлчөмүн көбөйтүү эмес, айдоочулар өздөрүнүн жоопкерчилигин сезе билсин деп ушундай кадамдарга барып жатабыз. Буга чейин Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинде көрсөтүлгөндөй, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынып же коомдук жумуштарга тартылып келсе, мындан ары мас абалында унаа башкарган айдоочулар унаа башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратылат. Ал эми унаа башкарууга укугу жок жарандар мас абалында унаа башкарган болсо, буга чейин жоопкерчилик 15 миң өлчөмүндө айып салынып келсе, мындан ары үч суткага камакка алынат”, - дейт ал.

Ашырбеков кошумчалагандай, мас айдоочу өзүнүн спирт ичимдигин ичкендигин текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан учурда айдоого укугу жокка чыгарылып, беш суткага камакка алынат.

“Ошондой эле спирт ичимдиги ичкендиги аныкталган учурда, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Буга чейин айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда 20 миң сом айып салуу же беш суткага чейин камакка алуу болсо, мындан ары жети суткага камакка алынып, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Эгерде айдоочу жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин, кайрадан мас абалында транспорт каражатын башкарган жана мас абалында жол кырсыгына кабылган учурда автоунаасын убактылуу алып коюу менен үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий