• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

ЮНКТАД Кыргызстан менен кызматташууну талкуулоо үчүн Бишкекке атайын миссиясын жөнөтөт

Саясат 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) башкы катчысы Ребека Гринспан менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 1-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 52-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментине катышуунун алкагында Женевада өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар актуалдуу маселелерди, анын ичинде креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, тышкы карызды “жашыл” демилгелерге алмаштырууга, ошондой эле тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.

Тактап айтканда, министр Кулубаев 2022-жылы Кыргызстан креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын кабыл алганын айтып, өлкөдө бул тармакты өнүктүрүү жөнүндө маалымат берди. КР ТИМ башчысы 2022-жылдын декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 2023-2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыялоо жөнүндө резолюциясы кабыл алынганын эске салды.

Министр Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тышкы карызды "жашыл" демилгелерге алмаштыруу боюнча кайрылуусу тууралуу маалымдады. ЮНКТАДдын мандатын эске алуу менен министр Р. Гринспанга бул демилгени иш жүзүндө ишке ашырууда колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

ЮНКТАД менен мындан аркы кызматташууну тереңдетүү боюнча конкреттүү чараларды аныктоо үчүн министр Кулубаев Р.Гринспанды Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

ЮНКТАДдын Башкы катчысы сунушталган демилгелердин актуалдуулугун белгиледи. Ал ЮНКТАДдын Кыргыз Республикасына аларды Уюмдун мандатынын алкагында ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, бул багытта комплекстүү ыкмаларды иштеп чыгууну сунуштады. Ушуга байланыштуу ал көтөрүлгөн маселелер боюнча Кыргызстандын министрлер кабинети менен кызматташууну талкуулоо үчүн Бишкекке атайын миссияны жөнөтүү ниетин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий