• 88.68
  • 95
  • 0.95

КРнын Япониядагы элчиси «Toshiba Energy Systems and Solutions» компаниясынын жетекчилиги менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 26-июлда Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси М.Арстанбаев «Toshiba Energy Systems and Solutions» компаниясынын жетекчилиги менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган компания менен кызматташууну тереңдетүүнүн перспективаларын талкуулашты.

"Элчи М.Арстанбаев Кыргызстандын рыногуна кирүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берип, эки тараптын кызыкчылыгына татыган маселелерди кененирээк талкуулоо максатында, Бишкекке сапар жасоону сунуштады. Тараптар бул маселе боюнча консультацияларды улантууну макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий