• 87.86
  • 93.94
  • 1

Чакан жана орто ишканалардын социалдык төлөмдөрү 27%дан 12%га чейин төмөндөдү – президент

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Чакан жана орто ишканалардын социалдык төлөмдөрү 27%дан 12%га чейин төмөндөдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме учурунда билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, дээрлик көпчүлүк чакан жана орто ишканаларды колдоого багытталган жарлык үстүбүздөгү жылдын март айында чыккан. Ошондой эле ишкерлерди текшерүүгө жыл башында дагы бир мараторий киргизилди.

“Чакан жана орто ишканалардын жүгү жеңилдесе деген тилегим эле. Жыл башында ишкерлерди текшерүүгө дагы бир мараторий киргизилди. Жооптуу жетекчилерге ишкерлерди текшерүүнү шылтоолоп эле тийише бербегиле, жүдөтпөгүлө деп дайыма эскертип келем. Ал эми азыркы күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракети менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш уланууда. Бандиттер тарабынан опузалап акча талап кылуу аракеттери дароо мыйзам чегинде тергелет, жазалат. Жеке ишкерлерди эле эмес, кайсы бир адамды коркутуп-үркүтүп акча талап кылгандар дагы эң катуу жазага тартыларын дагы бир жолу эскерте кетейин”,деди президент.

Пикир

Оставить комментарий