• 87.86
  • 93.94
  • 1

Абсаттар Сыргабаев Улуу Британия элчиси Николас Боулер менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптар Улуу Британия менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы социалдык-экономикалык, билим берүү багытындагы өз ара байланыштарды жолго коюу, ырааттуу кызматташуу аракеттерин талкуулашты.

Жолугушууда облус башчысы Абсаттар Сыргабаев аймактын инвестициялык потенциалы жөнүндө айтып, соода-экономикалык, айыл чарбасы, билим берүү, тоо-кен, энергетика тармактарында туруктуу кызматташтыкка ар дайым даяр экенин билдирди.

Николас Баулер Улуу Британия элчилигинин Кыргызстандагы иш алып баруу пландары тууралуу бөлүшүп, эки мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошкон натыйжалуу долбоорлорду колдоого алаарын кошумчалады.

Элчи ошондой эле облустун билим берүү тармагын өнүгүүсүнө салым кошуу максатында, 150 даана мектеп окуучуларына арналган англис тилиндеги китептерди белекке тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий