• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 2 миңге жакын мектеп интернетке туташтырылган

Билим 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 1 миң 883 мектеп интернетке туташтырылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, алдыда дагы 164 мектепти интернетке кошуу керек.

Аймактар боюнча интернетке кошулган мектептердин саны (2023-жылдын 19-декабрына карата):

  • Ош облусундагы 532 мектептин 524ү интернетке туташтырылды;
  • Жалал-Абад облусундагы 467 мектептин 411и;
  • Чүй облусундагы 307 мектептин 243ү;
  • Баткен облусундагы 237 мектептин 235и;
  • Ысык-Көл облусундагы 191мектептин баары;
  • Нарын облусундагы 139 мектептин 117си;
  • Талас облусундагы 112 мектептин 101и;
  • Ош шаарындагы 57 мектептин 56сы;
  • Бишкек шаарындагы мектептердин баары интернетке кошулган.

Пикир

Оставить комментарий