• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Эмгек министрлиги: Бир жылда 3,7 миң бала оор абалдан чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 11.03.24./Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдагы отчеттук маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкө боюнча 5,9 миң бала оор абалда экени аныкталган.

Турмуштук оор кырдаалда турган балдар-бул ата-энеси аларды багуудан жана тарбиялоодон качкан, иштеген жана эмгектин эң начар формаларына тартылган, кароосуз калган, мыйзам менен чатагы бар, зомбулукка кабылган ж. б. балдар.

Аймактык үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер 62,1% балдарды же 3,7 миңин турмуштук оор кырдаалдан чыгарышты, калгандары боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий