• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Эркиндик бульварында мыйзамсыз соода түйүндөрү алынат

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Бишкектин Эркиндик бульварындагы мыйзамсыз сооданы масштабдуу түрдө демонтаждоо иштери башталат.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү кызматтар тарабынан соода түйүндөрү, электр жарыгына мыйзамсыз уланган жайлар алынат, коомдук тартиптин күнү-түнү сакталышын укук коргоо органдары да көзөмөлдөйт.

Ошол эле учурда Эмен сейил багынын аймагына балдар аянтчасы көчүрүлөт.

"Ал эми шаардыктар үчүн дагы бир белек - жаңыланган Эмен паркы болмокчу. Демөөрчүлөрдүн эсебинен сейилбак көрктөндүрүлүп, сырткы айкелдердин жарыктандыруусу жаңыртылып, брусчатка жана отургучтар алмаштырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий