• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте кызды сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте кызды сүзүп, изин жашырган айдоочуну кармады.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 30-ноябрда саат 09:30да "102" кызматына Кулатов менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери унаа 20 жаштагы кызды сүзүп кеткендигин аныкташкан. Унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден изин жашырган.

Издөө иш-чараларынын жыйынтыгында "Лексус-GS300" унаасынын М.С. аттуу айдоочусу кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Ал эми унаа айып аянтчасына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий