• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМдин “Шумкар” полку жамгырдан жабыр тарткандарга жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери катуу жааган жамгырдан жабыр тарткан айыл тургундарына жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган полктун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кара-Дарыя айылындагы бир канча турак үйдү суу каптап, айыл тургундарына ыңгайсыздыкты жараткан. Селден улум жабыркаган айыл тургундарына жардам көрсөтүү максатында ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад облусунда жайгашкан өзүнчө ротасы Кара-Дарыя айылына барып, тургундарга көмөктөштү.

“Шумкар”атайын багыттагы покунун кызматкерлери ар дайым алдыга жүктөлгөн тапшырмаларды кынтыксыз ыкчам жана жоопкерчиликтүү аткарууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий