• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Сузакта өсүмдүк майын өндүргөн завод кайра ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунундагы "Дома-Ата" өсүмдүк майын өндүрүүчү завод кайра ишин баштады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жайда жумуш 2019-жылдан тарта токтоп турган. Учурда күнүнө 80 тоннага чейин май чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.

Ири май завод жеке ишкер Султан Тойгонбаевдин демилгеси менен кайра ишке кирген. Керектелүүчү сырье Россия жана Казакстандан алып келинип, өндүрүлгөн май Жалал-Абал жана Ош облустарына сатылууда.

Жалпы 72 жаңы иш орун түзүлгөн өнөр жай мекемеси менен Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров таанышып чыкты. Аким жергиликтүү өндүрүштү колдоо, көлөмүн жогорулатуу жана жумуш орундарын жаратууда жеке ишке менен алдыдагы аракеттерди талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий