Уктап кеткен. Ысык-Көлдөгү 4 адамдын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 98-чакырымында Volvo менен Volkswagen Passat унааларынын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 9-июнда Таластын Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 33 жаштагы К.А., аттуу тургуну Volkswagen Passat автоунаасы менен Ысык-Көлгө бет алган. Ал Жети-Өгүз районунун Мундуз айылына келип, кайра түнү менен жолго чыккан.

Унаа 10-июнда Балыкчы – Ананьево – Каракол жолу менен күн чыгыштан батышты көздөй бара жатып Булан-Сөгөттү айылына жеткенде кырсыкка учураган.

“Саат 05:40тар чамасында айдоочу рулда уктап кетип, жолдун карама-каршы тилкесинде келе жаткан жүк ташуучу VOLVO FH 12 автоунаасы менен сүзүшкөн. VOLVO унаасын Каракол шаарынын 28 жаштагы К.Э., аттуу тургуну башкарып келе жаткан”, - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада Passat автоунаасынын айдоочусу К.А., жана үч жүргүнчү: Таластын Кара-Буура районунун Ак-Башат айылынын 58 жаштагы А.К., аттуу тургуну, Бакай-Ата районунун Биринчи май айылынын 48 жаштагы С.М., аттуу жана 45 жаштагы К.У., аттуу тургундары кырсык болгон жерде алган жаракаттарынан улам каза болушкан.

Аталган жол кырсыгы каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий