• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте Honda Fit унаасы троллейбусту сүзүп алган, эки адам жабыркады (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн таңкы саат 06:30да Юнусалиев жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус жана Honda Fit автоунаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын эки жүргүнчүсү жабыркаган: 2002-жылы туулган К.А. жана 2001-жылы туулган У.И.

Алдын ала маалыматка ылайык, Honda Fit автоунаасынын 1987-жылы туулган айдоочусу жол эрежесин бузган.

Учурда эки транспорт тең айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий