• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек мэри коомдук транспорттун жол акысы көтөрүлбөй турганын айтты

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Кабар" маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров коомдук транспорттун тарифи тууралуу суроого жооп берди.

Абдыкадыров белгилегендей, мэрия жарандарды коомдук транспортто жол кирени накталай эмес төлөөгө үндөп жатат.

“Эгер жүргүнчүлөр накталай төлөй турган болсо, анда автобуска 11 сом эмес, 15 сом деп сунуштап жатабыз. Себеби, биз накталай эмес төлөмгө өтүшүбүз керек. Бирок жол кирени көтөрүү боюнча токтом долбоорун кайра артка чакыртып алдык. Себеби нааразычылыктар көп болуп, эл тарифти көтөрө албашын билдиришти. Азыр тариф көтөрүлбөйт”, - деди ал.

Абдыкадыров муздак суунун тарифин көтөрүүнү туура деп, шаардын тургундары бир айда бир бөтөлкө суунун баасын төлөй турганын белгиледи.

“Ал аз келгенсип короодогу көчөттөрдү суугарабыз. Суу дагы жетишсиз”, - деди мэр.

Эскерте кетсек, Бишкекте коомдук транспорттун тарифин көтөрүү сунушталган. Ага ылайык, троллейбус менен автобустун жол киреси 15 сом, маршрутка саат 6:00 - 20:30 аралыгында 21 сом, саат 20:30 - 6:00 аралыгында 32 сомду түзмөк.

Пикир

Оставить комментарий