• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россия Кыргызстанга берген өрт өчүрүүчү унаалардын техникалык мүнөздөмөсү

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 1-мартта Бишкекте Россия тарабынан Кыргызстанга 40 өрт өчүрүү атайын техника гуманитардык жардам катары акысыз негизде берилди.

Өрт өчүрүүчү унаалардын техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат:

Өрт өчүрүүчү атайын техникалар "КАМАЗ" унааларынын базасында Россияда чыгарылган. 6000 литр суу багы жана 360 литр көбүк менен иштейт, насостун кубаттуулугу секундасына 40 литр сууну түзөт. Автоунаа ар кандай диаметрдеги 18 өрт түтүктөрү менен жабдылган.

Мындан тышкары, гидрант, арыктардан (көлмөлөрдөн) суу чогултуучу гидроэлеватор жана керектүү авариялык жабдуулар жана шаймандар бар. Ошондой эле өрт өчүрүүчү цистерна айыл жеринде жана тоолуу аймактарда өрттү натыйжалуу өчүрө турган ар кандай узундуктагы 3 тепкич менен жабдылган.

Дагы бир айырмалоочу мүнөздөмөлөрдүн бири - унаанын ылдамдыгы. Унаа саатына 90 км ылдамдыкта жүрөт.

Эскерте кетсек, унааларды тапшыруу аземи бүгүн Бишкекте өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Уводиченко жана РФ жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков катышты.

Пикир

Оставить комментарий