"Унаа" мекемеси жараксыз номерлерди сатыкка койду

Коом 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. "Унаа" мамлекеттик мекемеси жараксыз номерлерди сатыкка койду.

Мекемеден билдиришкендей, колдонулган жана жокко чыгарылган номерлерди металл катары сатуу боюнча ачык тендер жарыяланды. Аукцион 20-июнда Бишкек шаары Ч.Валиханов көчөсү, 2а дарегинде өткөрүлөт.

Сынакка катышуу үчүн арыздар 12-июнга чейин мамлекеттик же расмий тилде эки нускада дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаары Ч.Валиханов көчөсү, 2а, 3-кабатта 5-кабинетте кабыл алынат.

Арызга арыз ээсинин мөөрү (юридикалык жактар) менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:

  1. Уюштуруу документтеринин жана юридикалык жактын же жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
  2. Уюмдун жетекчисин дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсү;
  3. Өкүлгө ишеним кат;
  4. Кепилдик төлөмдүн төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанция же төлөм тапшырмасы;
  5. Салык карызынын жоктугу жөнүндө салык кызматынан маалымкат.

Сынактын шарттары менен шилтемени басып кеңири тааныша аласыз.

Пикир

Оставить комментарий