• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте нандын баасын көтөрүп саткандыгы үчүн «Народный» дүкөнүнө айып салынды

Коом 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Бишкекте нандын баасын көтөрүп саткандыгы үчүн «Народный» дүкөнүнө айып салынды.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, 28-ноябрда кызматтын кызматкерлери «Народный» супермаркетинде нандын баасына мониторинг жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 275-280 грамм нандын баасы 32 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталып, 13 миң сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий