• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкектин райондорунда жергиликтүү курултайга даярдык көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Бишкектин райондорунда үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында өтчү жергиликтүү курултайга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, даярдык көрүүнүн алкагында иш-чаралардын планы түзүлүп, курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын жана жыйындарынын графиги бекитилди.

"Жергиликтүү курултайлар 5-ноябрда республиканын аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Ал эки этапта өтүшү керек: адегенде жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат, андан кийин ыйгарым укуктуу делегаттардын катышуусунда Элдик курултай өткөрүлөт", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну жергиликтүү кеңештер чечет, алар кезексиз сессиянын чечими менен биринчи Элдик курултайга катышуу үчүн делегаттарды шайлоо үчүн жергиликтүү курултайды чакырышат.

Жергиликтүү курултайга делегаттар айылдын же шаардын тургундарынын санына жараша шайланат.

Пикир

Оставить комментарий