• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 11-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Фрунзе көчөсү, Манас проспекти, Жибек Жолу проспекти, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий