• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.01.19. /Кабар/. Жогорку Кенештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан Жаӊы жылыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Бул майрам адам өмүрүнүн дагы бир жылын артка калтырып, жакшы тилек-үмүттөрдү тартуулаган жаӊы жашоонун келе жаткандыгын жар салган улуу күн. Айрыкча ушул күнү ар бир адам өткөн жылдагы жасаган иштерине саресеп салып, жаӊы жылга жакшы тилектер менен аттайт. Андыктан, бул күндүн жалпы адамзат үчүн мааниси өтө жогору.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Быйылкы жылыбыз да Кыргызстаныбыз үчүн жемиштүү жылдардан болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен “Аймактарды өнүктүрүү” жылы деп жарыяланган бул жылда элеттин экономикасын, айылдардын абалын жакшыртууга багытталган бир топ маанилүү долбоорлор ишке ашып, ар кандай иш-чаралар өттү. Андан тышкары, быйыл Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну уюштурулуп, көчмөн цивилизациясынын добушу дагы бир жолу Ала-Тоодон жаӊырды.

Өлкөдө туруктуулук сакталып, мамлекетибиз коомдук-саясий өнүгүүнүн дагы бир баскычына көтөрүлдү. Айрыкча, ушул жылы 80 жылдык маарекесин белгилеген Жогорку Кеӊеш парламенттик-демократиялык чакырыктын алдында калк турмушун жакшыртууга багытталган көптөгөн мыйзам долбоорлорун кабыл алып, ар кандай эл аралык макулдашууларды карады. Эми аны андан ары улантуу милдети турат. Ал үчүн жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болуп, ырааттуу иш алып баруу зарыл.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Жаӊы жылдын босогосунда туруп, жалпы кыргызстандыктарга ынтымак жана биримдик каалайм. Себеби, ааламдашуу доорунда өнүккөн мамлекеттердин улуу көчүнө кошулуу үчүн Кыргызстанга ынтымак жана туруктуулук керек. Биздин алдыга койгон мүдөөбүз да, заман талабы да ушундай.

Кымбаттуу мекендештер, сиздерге чың ден-соолук, бакубат жашоо жана майрамдык маанай каалайм. Өлкөбүз өнүгүп, 2019-жыл Кыргызстан үчүн жаӊылануунун жана ырыс-куттун жылы болсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий