• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны 71 адамга жетти

Кырсык 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен кайрылгандардын жалпы саны 71 адам болуп, алардын 36сы ооруканага жаткырылган.

Белгиленгендей, ооруканага жаткырылгандардын 31и чоңдор, алтоосу 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар.

"Дарыгерлердин маалыматына караганда, алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бүгүн абалы жакшыргандар үйдөн дарыланууга жөнөтүлөт",- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Беш лаваш” жана “Мидос” тез тамактануучу жайларындан шаурма жегендер жапырт ууланышкан.

Пикир

Оставить комментарий