• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда эки күндө 43 жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 03.01.23 /Кабар/. Жыл башталганы эки күн ичинде 43 жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министригинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин ички иштер органдарынын жалпы кызматкерлери республика аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иштерди улантууда.

"Жыл башталганы эки күн ичинде республика аймагында нөөмөт бөлүмдөрүнө жалпысынан миңден ашык кайрылуу, билдирүүлөр түшүп анын отуздан ашыгы катталды. Жол унаа кырсыктарынан 43 катталып, анын кесепетинен 4 адам каза болуп 68 адам ар кандай жаракаттарды алды. Оор жана өтө оор кылмыштар жок. Республика аймагында коомдук саясий абал тынч", - деп айтылат маалымтта.

Милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынган имараттар жана мекемелер катуу көзөмөлгө алынып, коомдук жайлар, соода түйүндөрү жана эс алуу жайлары көзөмөлгө алынууда. Ар бир облус жана шаарларда, тартипти, мыйзамдуулукту сактоо боюнча милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери улантылууда.

Белгиленгендей, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкармалык жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан оор жол кырсыктарына алып келүүчү одоно жол кыймылынын эрежелеир бузуу, мас абалда унаа башкарган айдоочуларга карата катуу чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий