• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте мектептин короосунда мугалим асынган абалда табылган

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Бишкекте мектептин короосунда мугалим асынган абалда табылган.

“Кабар” агенттигине Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, 5-июлда саат 09:14тө 102 кызматына шаардагы мектептердин биринин короосунда эркек киши өз жанын кыйгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Октябрь райондук милициясынын тергөө тобу жерине барып, 1986-жылы туулган А.Э. аттуу жарандын сөөгүн аныкташкан.

Маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүү учурунда эч кандай жаракаттар табылган эмес.

Аталган факт Октябрь райондук милициясынын маалыматты каттоо журналына катталып, тергөө чейинки текшерүү иштери башталды.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий