Борбор Азия боюнча Кыргызстанда биринчи жолу биоартүрдүүлүктү камтыган сайт иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Борбор Азия боюнча Кыргызстанда биринчи жолу биоартүрдүүлүктү камтыган map.kg сайты иштелип чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында долбоорду ишке ашырган демилгечилер, фотожурналисттер жана биологиялык ар түрдүүлүк боюнча эксперттер билдиришти.

Жаратылыш министрлигине караштуу Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору Азамат Кенжебаевдин айтымында, бүгүнкү күндө адамдын жаратылышка тийгизген таасири актуалдуу бойдон калууда. Буга байланыштуу Кыргызстан биоартүрдүүлүктү сактоо жаатындагы саясатын улантып келе жатат.

“8 миллиарддан ашкан адам жашаган жер шарында глобалдашкан маселелер көңүл чордонунда болууда. Кыргызстан биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча иштерди 1992-жылдан бери жүргүзүп келет. Азыр да бул багытта өлкөнүн саясаты улантылууда. Өзгөчө корголуучу аймактардагы бир өсүмдүк жоголсо, чынжырчадай сымал башка өсүмдүктөргө таасир этип, алардын да жоголуусуна коркунуч жаралат. Мындан улам ар бир жаран жаратылышка аяр мамиле жасоо керектигин, таштанды ыргытпай, тазалыкты сактоо маанилүү экендигин эстен чыгарбашы керек”, - деди ал.

Мына ушундай учурда Кыргызстандын 32 негизги биоартүрдүүлүк аймагынын, жаратылыштын кооз жерлеринин жыйнагы иштелип чыкты.

Фотожурналисттер союзунун директору Владислав Ушаков фото жана видеомаалыматтардын бардыгы map.kg веб-сайтына жайгаштырылгандыгын белгиледи.

“Бул сайтта калктын жана туристтик кампаниялардын маалыматтар базасына эркин кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Фото жана видеолорду ар бир жаран көчүрүп алып, керектүү максатта колдонсо болот. Долбоорду ишке ашырууда адистерден жана фотожурналисттерден турган чоң топ болгон күчүн жумшады. Бул сайт Борбор Азия боюнча биринчилерден болуп Кыргызстанда ачылды. Алдыда сайттагы маалыматтарды дагы да кеңейтүү пландарыбыз бар”, - деди Ушаков.

Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 22-майды биологиялык ар түрдүүлүктүн эл аралык күнү деп белгилеген. Өз кезегинде Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун улук илимий кызматкери, биологиялык ар түрдүүлүк боюнча эксперт Дмитрий Милько биартүрдүүлүктү сактоодо жер шаарындагы калктын салымы маанилүү экендигин айтты. Ал эми Борбордук Азиядагы биоартүрдүүлүктүн очокторун сактоо боюнча программанын координатору Михаил Яковлев жаңы жүзөгө ашкан программа дал ушул биоартүрдүүлүктү коргоодо багытталгандыгына токтолду.

Фотожурналисттер союзунун мүчөсү Гамал Сооронкулов белгилегендей, map.kg сайты бул экологиялык карта. Анда Кыргызстандын көз суктанткан уникалдуу жаратылышы, биоартүрдүүлүктүн жаңы аймактары көрсөтүлдү. “Азыр сайттагы маалыматтар орус тилинде жеткиликтүү. Биздин команда тажрыйбалуу адистер жана демилгечилер менен биргеликте маалыматтарды кыргыз жана англис тилдерине которуп баштайбыз. Бул аракетибиздин бир четинен Кыргызстандагы экотуризмдин өнүгүүсүнө жол ачып жатат”, - деди Гамал Сооронкулов.

Жаратылыш министрлигине караштуу Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Азат Осмонов билдиргендей, өлкөдө өзгөчө корголуучу 10 аймак жана 13 жаратылыш паркы бар. Былтыр Баткен облусунда 8160 гектарды ээлеген “Мадыген” жаратылыш эстелиги ачылды. Мындай алгылыктуу иштер аркылуу өзгөчө коргоолуучу аймактардын аянтын көбөйтүү пландары турат.

“Азыр Кыргызстанда өзгөчө көргоолуучу аймактардын аянты 7,5 %ды түзөт. Келечекте бул көрсөткүчтү 10%га жеткирүүнү көздөп жатабыз. Башка өлкөлөргө бул аянттар алда канча көп. Азыркы учурда жаратылыштын жана климаттын өзгөрүүсү экономика менен тыгыз байланышта. Мындан улам экологияны коргоо үчүн экономикага өзгөчө маани берүү шарт. Өлкөдөгү жаңы экологиялык маршруттардын арты менен туристтер жаратылыштын уникалдуу жерлерин көрүп, зыян келтирбей экономикага салым кошо алат”, - деп кошумчалады Азат Осмонов.

Пикир

Оставить комментарий