• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таласта эс алуучуларга сууга түшүү эрежелери эскертилүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Таласта эс алуучуларга сууга түшүү эрежелери эскертилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери "Эдельвейс" эс алуучу жайына жана Киров суу сактагычындагы "дикий пляждын" эс алуучуларына сууга түшүү эрежелерин түшүндүрүштү.

"Урматтуу жарандар! Жайкы мезгилде сууга түшүү коопсуздугун сактоо ар бирибиздин милдетибиз. Өзгөчө балдарды чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшүүгө жибербеңиздер!", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий