• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстанда балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу долбоору ишке кирди

Коом 0


Бишкек, 31-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Жаштардын эмгек биржасы коомдук уюмдар менен биргеликте балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу боюнча “Шанс” долбоорун ишке киргизди.

Жаштардын биржасында билдирилгендей, балдар үйүн бүтүрүү – бүтүрүүчүлөр үчүн абдан жоопкерчиликтүү жана татаал мезгил. Жыл сайын Кыргызстанда мекемени 400 адам бүтүрөт. Бүтүрүүчүлөрдүн 30% ишке орношуу кыйын болгондугун айтышат.

“Кечээки балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары узак жылдар бою мамлекеттин камсыздоосунда жүрүп, өз алдынча жашоого даяр эмес болуп чыгышат. Башкача айтканда, алар укуктарын жана аларды кантип коргоо керектигин билишпейт. Өз алдынча жашоону билишпейт, жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмсүз, койгон максаттарына дайыма эле жете алышпайт”, - деп белгилешти биржадан.

Эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, өлкөдөгү жаштардын бул категориясынын көпчүлүгүнүн турмуш шарты оор.

Эскперттер бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу маселеси алардын бир ишти туруктуу аткарууга даяр эместигине, квалификацияларынын төмөндүгүнө, иш берүүчү жана жамаат менен мамиле түзө албагандыгына байланыштуу деп эсептешет. Негизинен балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү эксплуатациянын жана жалгандын курмандыктары болуп, арзыбаган акча берип же эч төлөбөй коюшат. Натыйжада алар орой жана ачуулу болуп калышат.

“Шанс” долбоорунун максаты - турмуш шарты оор жаштарды натыйжалуу тажрыйбалар аркылуу социалдаштырууну шарттаган иштөө тутумун түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий