• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто жыл башынан бери 13 жолу ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Ош шаарында жыл башынан бери 13 жолу ишембилик өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев мэриянын коллегиялык жыйынында билдирди. Жыйынга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, коллегиянын күн тартибинде эки маселе каралып, талкууга алынды.

1- Жайкы мезгилде калкка кызмат көрсөтүүчү тамак-аш, суусундук жана эс алуу багытындагы жайлардын санитардык-эпидемиологиялык туруктуулугун камсыз кылуунун абалы жөнүндө,

2- Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча өткөрүлгөн жазгы эки айлыктын жыйынтыгы жөнүндө.

Экинчи маселе боюнча вице-мэр А.Топчубаев маалымат берди.

Үч айлыктын алкагында бардыгы болуп 13 жолу ишембиликтер өткөрүлүп, шаарыбдагы жогорку жана орто окуу жайларынын, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарынын, мекеме-ишканалардын жамаатары, жалпы эле шаарыбыздын тургундары бул иш-чараларга түшүнүү менен аймактарын тазалоодо, көрктөндүрүүдө жана жашылдандырууда активдүү катышып беришти.

Мэриянын токтому менен бекитилген иш-чаралардын негизинде жазгы үч айлык 4-этапка бөлүнгөн. Алар:

Биринчи этап - 1-марттан 24-мартка чейин бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, гүл бакчаларды жана газондорду өстүрүү;

Экинчи этап - 24-марттан 10-апрелге чейин шаардын аймагындагы арыктарды тазалоо;

Үчүнчү этап - 10-апрелден 25-апрелге чейин шаарыбыздын аймагын акыр-чикир, таштандылардан тазалоо. Тактап айтсак, көп кабаттуу үйлөр жайгашкан кварталдарды, жолдорду, тротуарларды, арыктарды, скверлердин жана эс алуу бактарынын, Сулайман-Тоонун жана Ак-Буура дарыясынын, шаарыбызда жайгашкан бардык мекеме-ишканалардын, уюмдардын аймагын тазалап, акыр-чикирлерди өз убагында ташып чыгаруу;

Төртүнчү этап - шаарыбызды көрктөндүрүү, б.а. дарактарды актоо, жолдордун кесилиштериндеги, көпүрөлөрдүн тосмолорун, аялдамаларды сырдоо, жол боюндагы подпорный стенкаларды сырдоо, имараттардын фасаддарын көрктөндүрүү жана аларды түнкү декоративдик жарыктандыруу менен камсыз кылуу.

Жазгы үч айлыктын алкагында 7 жолу штабдык отурум, 2 жолу көчмө жыйындар өткөрүлүп, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине, аймактык кеңештин төрагаларына тапшырмалар берилип, аткарылды»,-деди А.Топчубаев.

Айтмамат Кадырбаев Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча иштерди жыл бою улантууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий