• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад: Көк бөрү боюнча алгачкы ирет мэрдин кубогу өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.04.22. /Кабар/. Кечээ, 9-апрелде Сузак районундагы “Телтору” ат майданында Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогу өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган эл өкүлдөрү, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Мэрдин кубогу үчүн Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын, шаардык кеңештин, аймактык башкаруулардын атынан жалпы 7 команда күч сынашты.

Спорттук иш-чарада шаар мэри Эрнисбек Ормоков улуттук оюндарды, анын ичинде көк бөрү оюнун өнүктүрүү, жаштарды спортун бул түрүнө кызыгуусун дагы да арттыруу максатында кубок өткөрүүнү демилгелегенин баса белгилеп, мындан ары улуттук оюндарга жыл сайын өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Көк бөрү боюнча Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогун шаардык кеңештин атынан чыккан команда жеңип, кубок жана баш байге 50 миң сомго ээ болду. Экинчи орунду Жалал-Абад бажылык борборунун атынан чыккан команда камсыздап, 30 миң сом акчалай сыйлык алды. Үчүнчү орунду “Жалал-Абад сууканал” башкармалыгынын командасы жеңип, 20 миң сом байгеге ээ болгон болсо, 4-орунду “Дост-Курулуш” компаниясынын командасы ээлеп, 10 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми Тайгараев аймактык башкармалыгынан, Жалал-Абад ОИИБдин, Жалал-Абад ШИИБдин командалары байгелүү орундарды атаандаштарынан жеңилүү ызасын тартышты.

Мэрдин көк бөрү боюнча кубогунда мыкты оюнчу наамы жана акчалай сыйлык оюндарда өзгөчөлөнгөн Арген Абдуллаевге ыйгарылды.

Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча мэрдин кубогу Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу өттү.

Пикир

Оставить комментарий