• 87.86
  • 93.94
  • 1

Акылбек Жапаров иш сапары менен Ашхабад шаарына учуп кетти

Өкмөт 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 24-майда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти.

Делегациянын курамы:

  • министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров;
  • Кыргызстандын Беларустагы элчиси жана КМШнын уставдык органдарындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Эрбол Султанбаев;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
  • тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;
  • КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.

Жыйындын күн тартибинин долбоорунда 12 маселе каралат. Анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташуу, эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын кеңири форматта талкуулоо күтүлүүдө.

Мындан тышкары, жыйында саламаттык сактоо, химиялык өнөр жай, кооптуу калдыктар менен иштөө жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташууга тиешелүү бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.

Түркмөнстанга болгон иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар дагы мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий