• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстандыктар Самара – Шымкент трассасында жол кырсыгына учурап, бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. 22-майда Казакстандын Айтибий районунун Угайсын айылына жакын Самара – Шымкент автожолунун 1013-чакырымында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 1997-жылы туулган У.И.У. каза болгон. Унаанын ичинде 1997-жылы туулган У.уулу У. жана 1997-жылы туулган Ш.Э.Б. да болгон.

Азыркы учурда эки жаран ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын биринин абалы оор, экинчиси денесинен жеңил жаракат алган.

"Жабыр тарткандардын туугандарына бул трагедия тууралуу кабар берилди. Азыркы учурда Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тарабынан Кыргызстанга жүк 200 жөнөтүү маселеси иштелип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий