• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ошто көп кабаттуу үйдүн чатырынан окуучу кыздар кулап, бирөө көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Ош шаарындагы беш кабаттуу үйдүн чатырынан эки окуучу кыз кулап, бирөө көз жумду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, 17-мартта саат 13:30дар чамасында Ош облустук ооруканасынан милицияга маалымат келип түшкөн. Ага ылайык, Ош шаарынын К.Маркс атындагы орто мектебинин 7-классынын эки окуучусу, классташ кыздар Ош шаарынын А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу №9 үйдүн чатырынан бойлорун таштап жиберишкен.

“Кыздардын бири окуя болгон жерде каза болгон. Экинчиси оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий