• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Быйыл жээк бекемдөө иштерине дээрлик 200 млн сом каралган

Коом 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. 2023-жылы жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүүгө жана дамбалардын селден коргоочу курулмаларын коргоого ӨКМге 198,5 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен:

- ӨКМдин ведомстволук мекемелери (өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча) 100 млн сом;

- ӨКМге караштуу "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматына 98,5 млн сом;

Белгилей кетсек, аталган каржаттар республикалык бюджеттин мыйзамында каралып, жыл сайын бөлүнөт.

Мындан тышкары, “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча Чу дарыясынын жээгин бекемдөөгө 50 млн сом каралып, учурда бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий