• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чаткалдагы шыбы ураган мектеп. Мугалим ооруканада калтырылып, үч окуучу үйүнө чыкты

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Чаткалдагы мектептин шыбы урагандан кийин ооруканага жаткырылган үч окуучу үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2022-жылдын 18-майына карата Ала-Бука жалпы дарыгердик практика борборунда дарыланууда бейтап С.А. (мугалим) калды.

Канааттандырарлык абалдагы үч окуучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, Кечээ, 17-майда Чаткал районундагы Чымканаев атындагы №8 мектептин классынын шыбы урап түшкөн.

Саламаттык сактоонун Жалал-Абад облусундагы координатору билдиргендей, мугалим ураганга чейин окуучуларды класстан чыгарып кеткенге үлгүргөн, бирок мындай абалдан улам айрым окуучулар чоочуп калышкан.

Пикир

Оставить комментарий