• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жайыл райондук милициясы «Өмүр-Белеги» реабилитациялык борборуна жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Жайыл райондук милициясынын жетекчилиги жана өздүк курамы аутизм жана церебралдык шал сыяктуу эң татаал ооруларга чалдыккан балдар үчүн «Өмүр-Белеги» реабилитациялык борборуна барды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борборго милиция тарабынан таттуу, тамак-аш, жемиш, кир жуучу каражаттар жана оюнчуктар түрүндөгү гуманитардык жардам берилди.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк аутизм жөнүндө маалымдоо күнү 2008-жылдан бери жыл сайын 2-апрелде белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий