• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине азык-түлүк таратылды

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Рамазан айын утурлай «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине азык-түлүк себеттери берилди.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жардам Бириккен Араб Эмираттарынын кайрымдуулук уюмдарынын колдоосунда «Ихсан-Хайрия» кайрымдуулук фонду жана борбордун муниципалитети тарабынан көрсөтүлдү.

Багбандарга эт, курма, чай, кант, май, күрүч, макарон жана ун салынган 200 азык-түлүк себеттери тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясы жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы көрсөткөн колдоосу үчүн «Ихсан-Хайрия» кайрымдуулук фондуна чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий