Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги баланы 1-класска электрондук каттоо боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн, 15-апрелге карата республика боюнча 40 миң 874 бала катталды.
Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:
- Ысык- Көл облусу: 4079 (жалпы квота – 13 миң 821)
- Жалал-Абад облусу: 7582 (жалпы квота – 34 миң 778)
- Нарын облусу: 2801 (жалпы квота – 7 миң 741)
- Баткен облусу: 4882 (жалпы квота – 16 миң 190)
- Ош облусу: 7524 (жалпы квота – 35 миң 785)
- Талас облусу: 2285 (жалпы квота – 6 миң 957)
- Чүй облусу: 5846 (жалпы квота – 31 миң 474)
- Бишкек шаары: 4818 (жалпы квота – 17 миң 908)
- Ош шаары: 1057 (жалпы квота – 11 миң 233)
Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
- №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
- №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
- №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
- Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
Пикир
Оставить комментарий