• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Электрондук күндөлүк системасын 2020-жылдын сентябрь айында ишке киргизүү пландалууда – Маматов

Билим 0

Бишкек, 05.12.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Электрондук күндөлүк системасын 2020-жылдын сентябрь айында ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат менен камсыздоо секторунун башчысы Расул Маматов билдирди.

Анын айтымында, электрондук күндөлүк долбоору пилоттук режимде Кыргызстан боюнча 70 мектепте иштеп жатат.

"Азыр пилоттук режимде 7 компания Кыргызстан боюнча 70 мектепте иш алып барууда. Максатыбыз ал компаниялардын жалпы билим берүү тармагында иштей ала турганын аныктоо. Пилоттук режим ушул жылдын 30-декабрында аяктайт. Анын негизинде кайсы компания мындан ары иш алып бара турганы аныкталат. Ал эми электрондук күндөлүк системасын кийинки жылдын сентябрь айында ишке киргизүү пландалууда" - дейт Маматов.

Ал кошумчалагандай, 2019-жылдын июль айында конкурс жарыяланып, ага кыргызстандык 6, чет өлкөлүк 4 компания катышкан. Жыйынтыгында 7 компания электрондук күндөлүк системасын пилоттук режимде ишке ашыруу укугуна ээ болушкан.

Пикир

Оставить комментарий