• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Билим берүү министри президенттик балатыга катышуу үчүн аймактардан келген балдар менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн жаңы жылдык президенттик балатыга катышуу үчүн аймактардан келген таланттуу балдар менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Догдуркүл Кендирбаева балдар менен суроо-жооп иретинде баарлашып, министрликтин атынан белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы жылдык президенттик балаты өтүүдө.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган, алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар бар.

Пикир

Оставить комментарий