• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек драма театрында энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков катышып, энергетиктерди майрамы менен куттукташты.

Сонунбек Жунусбаев турмуш-тиричиликтин бардык чөйрөсүндө жагымдуу шарттарды түзүүгө, энергетика системасынын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан энергетиктердин жумушу татаал экенин белгилеп, жасаган жумуштарында ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле шаардагы бир нече энергетика ишканаларына ыраазычылык баракчалары, материалдык колдоо иретинде акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий