• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Таласта өткөн I Улуттук көчмөндөр оюндарынын ыктыярчыларына ыраазычылык кат тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Кечээ, 4-декабрда Талас шаарында I Улуттук көчмөндөр оюндарынын ыктыярчыларына сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жана Талас облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Карабеков катышты.

Алтынай Өмүрбекова Улуттук көчмөндөр оюндарында ыктыярчы болгон жаштарга ыраазычылык кат тапшырды.

Эскерте кетсек, I Улуттук көчмөндөр оюндары ушул жылдын 16-21-сентябрь күндөрү Талас шаарында өткөн. Спорттук иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө 150 ыктыярчы жардам берген.

Пикир

Оставить комментарий