• 88.68
  • 95
  • 0.95

1-класстын окуучуларынын ата-энелери санитардык талаптар менен таанышып чыгышы керек - Үсөнбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Биринчи класстын окуучуларынын ата-энелери санитардык талаптар менен таанышып чыгышы керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды
саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, окуу жылы эрте башталган айрым мамлекеттерде коронавирус тарап кеткен учурлар болуп жатат. Ага байланыштуу Саламаттык сактоо менен Билим берүү министрлиги 1-класстын окуучулары үчүн тиешелүү алгоритмдерди иштеп чыгууда.

"Окуу процессин кандай шарттарда уюштуруу керектиги боюнча кеңештерди берип жатабыз. Баарына белгилүү болгондой 1-класстын окуучулары мектепке барып келип окуйт. Ар бир ата-эне санитардык-эпидемиологиялык эрежелер, талаптар менен таанышып чыгышы керек", - деди ал.

Анын айтымында, фортепиано, балет менен алектенгендер үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий