• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Республика боюнча бардык кан борборлору штаттык режимде иштөөдө

Ден соолук 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча бардык кан борборлору штаттык режимде иштеп, саламаттык сактоо уюмдарын компоненттер жана кан боюнча дары-дармектер менен толук жана керектүү көлөмдө камсыз кылууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, буга чейин кан борборлоруна келип жүргөн донорлорго атайын унаа каралган. Ошондой эле үзгүлтүксүз келген донорлорго санитардык-карантиндик посттордон өтүү үчүн атайын чакыруу баракчалары даярдалган.

"Кан донорлордун саны кескин түрдө төмөндөгөнүнө карабастан бардык кан борборлордо компоненттер жана кан боюнча дары-дармектер жетиштүү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий