Бишкек, 30.04.18. /Кабар/. Эртең, 1-майда Кыргызстан аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 11…16;
Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 11…16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 13…18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 13…15 градус жылыйт.
Пикир
Оставить комментарий