• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кар көчкүдөн улам үч күнгө жабылган Бишкек-Ош жолу ачылды

Коом 0

Бишкек, 16.03.18. /Кабар/. Кар көчкүдөн улам үч күнгө жабылган Бишкек-Ош унаа жолу каттам үчүн ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолдогу кар толугу менен тазаланган.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 13-мартында болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымына кар көчкү түшкөн. Анын көлөмү 2,5 млн куб метрди түзгөн.

15-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун 221, 223 жана 226-чакырымдарында дагы үч ирет кар көчкү түшкөн. Алдын ала маалыматка караганда кар көчкүнүн кесепетинен эч ким жабыркаган жок.

Пикир

Оставить комментарий