Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +11...+16, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +12...+17, Ысык-Көл обьлусунда +6...+11, Нарын облусунда +8...+13 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт.
Пикир
Оставить комментарий