• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

МСК: 1-ноябрдан баштап электрондук соода платформалары ЭТТКны колдонууга милдеттүү

Экономика 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, товарларды калкка сатуу жана экспорттоо үчүн интернетте электрондук соода платформасын берүүчү субъекттер 2024-жылдын 1-ноябрынан баштап ЭТТКны колдонууга милдетүү.

Салык кызматынан билдиришкендей, мында, электрондук соода платформасын берген субъекттерге товарларды жеткирүүнү ишке ашырган субъекттер 2024-жылдын 1-ноябрына чейин ЭТТКны тариздөөдөн бошотулган, бирок ЭТТК системасында "Эсептен чыгаруу" операциясын аткарууга милдеттүү.

Ошондой эле ЭТТКны колдонуу жана түзүү тартибиндеги жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ишкерлер салык органынын маалыматтык системасы менен интеграцияланган электрондук соода платформасында товарларды сатууда ЭТТКны тариздөөдөн бошотулат.

Бул бошотуу товарларды электрондук соода платформалары аркылуу калкка, соода платформасынын операторуна сатууда, ошондой эле экспорттоодо колдонулат.

Буга байланыштуу Салык кызматы соода платформаларын Салык кызматынын маалыматтык системасы менен интеграциялоого чакырат.

Интеграция боюнча толук маалымат алуу үчүн соода платформаларынын өкүлдөрү 0312 61-01-98 номерине кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий