• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

1-октябрда Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. 1-октябрда Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Северный" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу 1-октябрда саат 9:00дөн 02:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жана аталган конуштарда суу болбойт:

- Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспекти, Жаш Гвардия, ЧЧК, Саадаев көчөсү.

Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам Алик конуштары.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий