• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте балаты базары иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунда балаты базары иштей баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган базар шаардын Медеров жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Базардан Тянь-Шань карагайын, көк карагай, арча жана башка түрлөрүн арзан баада алууга болот. Базар эртең мененки саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт.

"Бардык ийне жалбырактуу дарактар жабык тамыр системасы менен, башкача айтканда, топурагы менен сатылат. Сатып алуучулар бак-дарактарды ачык жерге көчүрө алышат. Көчөттү кантип туура отургузуу керектигин сатуу боюнча кеңешчилер айтып беришет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий