• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэрине “Тазалык” ишканасынын жаңы техникалары көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге жолдорду тазалоочу жана жууп-тазалоочу жаңы атайын техникалар көрсөтүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысына алгач Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун бордюр бөлүгүн жууп жатканы көрсөтүлдү. Андан кийин Ахунбаев көчөсүндөгү жол сызыктарынын, анын ичинде жолдун ортоңку бөлүгүнүн жуулганы көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, бул тазалоочу машина — көчөлөрдү тазалоого жана жолдорду жана тротуарларды таза кармоого арналган атайын унаа. Ал ар кандай таштандылар, чаң, кир жана башка булгоочу заттар менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берген жууп жана шыпыруу функцияларына ээ.

Кошумчалай кетсек, атайын унаалар жолдун бордюрларын тазалоого катышкан «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздайт.

Бүгүнкү күндө бул атайын техниканын 4 даанасы сатылып алынды. Жакынкы 2-3 айдын ичинде Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн каражатка 100дөн ашык атайын техника сатып алуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий